"Секундасына 17 чакырым". Бүгүн Жердин жанынан коркунучтуу эки астероид учуп өтөрү айтылды

Бүгүн, 27-майда эки чоң астероиддин бирөө Жерге жетишерлик жакын аралыкта учуп өтөт. Бул тууралуу НАСА уюмунун Жерге жакын объектилерди изилдөө борборунун (CNEOS) маалымат кызматына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, узундугу 210, туурасы 94 метр болгон 2021 JF1 аттуу биринчи космостук объект жерге жакын учары айтылды. Анын ылдамдыгы секундасына 17 чакырым. НАСА уюму аны Аполлон тобунун Жерге жакын жайгашкан эң кооптуу объектилеринин бири деп жарыялады.

2021 KT1 аттуу экинчи астероид Жерге 1-июнь күнү жакын учат. Анын ылдамдыгы болжол менен секундасына 18 чакырым жана анын диаметри 150-330 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-05-27 08:31:22
Саат канчада учуп өтөт экен. Секундасына 17 км охоо Бишкек Ош аралыгын 18 секундада эле өтөт экен да
+3
Nur-sultan
2021-05-27 12:32:47
Asmat84,мынчалык чоң ылдамдыкты жерде элестетүү мүмкүн эмес. Жерде абанын каршылыгы бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан