Коңшу Казакстанга жаңы үлгүдөгү Toyota Land Cruiser 300 жол тандабастары келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
"Казакстандагы темир жол станциясынын унаа токтотуучу жайында тартылган сүрөттөр интернетке жарыяланды. Сүрөттөрдө Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү ондогон ак, кара жана күмүш түстөгү жаңы унаалардын бажы станциясында кезек күтүп тургандыгы көрсөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Унаанын бет ачары 31-майда же 1-июнда өтүшү мүмкүн. Ал эми жол тандабасты чыгаруу 1-июлда башталат. Унаанын эки түрү чыгары күтүлүүдө. Биринчиси - бензин болгон кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 сантиметр куб. Анын көлөмү 415 аттын күчүнө барабар. Мындан тышкары көлөмү 3,3 сантиметр куб болгон V6 кыймылдаткычы бар дизелдик түрү. Унаанын бул түрү 309 аттын күчүнө барабар.