Орусиянын Алтай крайынын борбору Барнаулда үч окуучу кыз 11 жаштагы кызды сабап, бөтөлкө менен сексуалдык зомбулук көрсөттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 23-майда түштөн кийин шаардын четиндеги кароосуз калган үйдө болгон. Окуучу кыздар 11 жаштагы кызды ур-токмокко алганын, сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн видеого тартып, кыздын энесине жиберишкен.
Алтай аймагындагы тергөө органдары өспүрүмдөр тобунун катышуусунда 11 жаштагы кызга зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгошкон. Кылмышка шектүү катары 14 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.