Депутат парламенттик шайлоо менен 3 шаардык кеңештин шайлоосун биргеликте өткөрүүнү сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев парламенттик шайлоо менен 3 шаардык кеңештин шайлоосун биргеликте өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо кайрадан өткөрүлгөнү жатат. Президент бир айдын ичинде жарлык чыгарышы керек. Кийинчерээк парламенттик шайлоо өтөт. Эки шайлоону биргеликте өткөрүүнү сунуштайм. Каржы бир аз болсо да үнөмдөлмөк. Жайында бул шаарларда эл жок болот. Эл дагы шайлоодон тажап калды. Бир айдан кийин БШКнын курамы өзгөрүшү керек. Шайлоону белгилеп койсок кандай болуп калат?" - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан