Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков баалардын жогорулашы боюнча маселе көтөрүлдү.
"Азыркы күндө эң актуалдуу маселе бул азык-түлүктөргө болгон баалардын көтөрүлгөнү. Кайсы жерге барба, бардык жерде баалар көтөрүлдү. Көк деле, чөп деле көтөрүлдү. Карапайым калктын да кан басымы көтөрүлдү. Көтөрүлбөгөн бир эле нерсе калды. Бул кыргыздын намысы көтөрүлгөн жок. Таласта туугандар чалып жатат. Сүттүн баасы түшүп кетти. Бардык нерселер көтөрүлсө сүттүн баасы түшүп кетти. Эмне үчүн түшүп кетти? Элдин эсебинен пайда көргөндөрдү караш керек да", - дейт ал.