Америкалык ырчы Ариана Гранде кымбат баалуу кыймылсыз мүлк агенттигинин башчысы Далтон Гомеске турмушка чыкты. Ырчы үйлөнүү тоюндагы бир катар сүрөттөрдү Инстаграмдагы өздүк баракчасына жарыялады.
Белгилүү болгондой, үйлөнүү той ырчынын Монтеситодогу үйүндө өткөн. Салтанатка 20 чакты киши келген. Гранде менен Гомес майрамды бейрасмий шартта өткөрүүнү каалашкан.
Түгөйлөр 2020-жылдын декабрь айында үйлөнүү чечимин кабыл алышкан. Алар биринчи жолу былтыр май айында Ариана Жастин Бибер менен бирге жаздырган "Stuck with U" ырынын клибинде эл алдына чыгышкан.