Америкалык актёр Леонардо Ди Каприонун Нью-Йорктогу батири 8 миллион 500 миң долларга сатылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аянты 340 чарчы метрден ашкан кыймылсыз мүлк Гринвич-Виллиж районунда жайгашкан. Ал үй 1897-жылы курулган. Үй беш бөлмөдөн турат, анын ичинде үч уктоочу бөлмө, ошондой эле эки жуунучу бөлмө бар. Турак аянтынын бийиктиги 3 метрден бир аз ашыгыраак.
Батирдин адаттан тыш артыкчылыктарынын катарына теринин жана чачтын ден соолугун чыңдоо үчүн С витамини кошулган иондоштурулган душ, тулку бойду карманганга жардам берген терморефлексотерапия менен сибирдик эменден жасалган пол, циркаддык ритм менен жарык берүү, стол үстүн жана эшиктердин микробго каршы жабдылышы, таза аба жана суу, аба жолдорунун ароматерапиясы жана башка өзгөчөлүктөрү бар.
"Экологиялык жактан таза" батир сатып алуучуга 8 миллион 500 миң доллар, ал эми турак жайга кам көрүү үчүн 6 миң 118 доллар, бир айлык кыймылсыз мүлк салыгы - 4 миң 581 доллар талап кылынат.