Канатбек Тургунбеков Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Канатбек Тургунбеков министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Канатбек Тургунбеков Кыргыз айыл чарба университетинде зооинженер адистигин, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юрист-укук таануучу адистигин аяктаган.

1992-1993 - Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери;

1993-1994 - ИИМдин экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери;

1994-1996 - ИИМдин экономика жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын коррупция жана пара алууга каршы бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери;

1996-2000 - ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын бандитизмге каршы бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери;

2000-2001 - ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторго, транс улуттук жана жогорку технологиялар тармагындагы кылмыштар бөлүмүнүнү башчысы;

2001-2002 - Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы;

2002-2003 - Финансы полициясынын Бишкектеги башкармалыгынын жетекчисининин орун басары;

2003-2004 - Финансы полициясынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын жетекчиси;

2004-2006 - Финансы министрлигинин Ыктыярдуу башкаруу жана ички аудит кызматынын башчысы;

2006-2007 - Финансылык чалгындоо кызматынын башчысынын орун басарынын милдетин аткарган. Ошондой эле IТ-камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген;

2007-2008 - "Альфа Секьюрити" кайтаруу агенттигинин башкы директорунун кеңешчиси;

2008-2009 - Коррупциянын алдын алуу улуттук агенттигинде башкармалыктын жетекчиси;

2009-2010 - Мамлекеттик кадр кызматынын Коррупциянын алдын алуу агенттигинин башчысынын орун басары;

2011 - "Альфа Телеком" ЖАКтын коопсуздук маселелер боюнча директору;

2012 - "Альфа Телеком" ЖАКтын персоналдар боюнча дирекциянын башчысы;

2013 - Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары;

2020 - Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук маселелер боюнча башкармалыгынын жетекчиси;

2020 - Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын штабынын жетекчиси.

2021-жылдын 15-февралында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан