Дүйнөдөгү эң көп сатылган китептин автору болгон америкалык жазуучу каза болду

Дүйнөдөгү эң көп сатылган белгилүү "Ачка калган курт" аттуу китептин автору америкалык жазуучу жана иллюстратор Эрик Карл дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, жазуучу Массачусетс штатына караштуу Нортгемптон деген жеринде өзүнүн студиясында 91 жаш курагында каза болгондугун уулу Ролф Карл билдирген. Өлүмүнүн себеби бөйрөгүнүн иштебей калуусу болгон.

Эрик Карл 1929-жылы Нью-Йорктун Сиракьюс шаарында төрөлгөн. Кичинекей балдарга арналган китептердин иллюстрациясы менен 30 жашынан баштап алектене баштаган. Жалпысынан 70 чыгарма жаратууга жетишкен. Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон "Ачка калган курт" китеби 1969-жылы чыккан. Анда көпөлөккө айланган курт жөнүндө баяндалат. Бул китептин тиражы 55 миллиондон ашуун болуп, дүйнөнүн 50гө жакын тилине которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shekeev969798
2021-05-28 04:38:52
ачка калган журт деп жазып анан кашага алып("Очень голодная гусеница") деп жазып койсонор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан