"Кумтөрдө" 15-майда карьерлерге мониторинг жүргүзүүчү системалардын компьютерлерине кирүүгө мүмкүн болбой калган. Бул тууралуу журналисттерге инженер Самат Тогузбаев билдирди.
Анын айтымында, 19-майда калыбына келтирилген. Автоматтык система 4 күн иштебей анан толугу менен калыбына келтирилгенин белгиледи. "Компьютерлер гана өчүрүлгөндүктөн серверлерге кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок, бирок серверлер иштеп жатты", - деди ал.