Эксперттер жана бизнес – Салык жол-жоболорун санариптештирүү жөнүндө

Салык кызматы – башка мамлекеттик органдардын ичинен өлкөнүн салык төлөөчүлөрү жана калкы үчүн инновациялык чечимдерди кеңири масштабда киргизип жаткан биринчи ведомство. Жаңы сервистер онлайн салыктык кызматтарды жеткиликтүү кылып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-июлунан тартып «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизди. Алардын ичинен: Электрондук эсеп-фактура, автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу үчүн “Жыйынды пост” маалымат системасы.

Бул долбоордун алкагында башка салыктык, анын ичинде салык төлөөчүлөрдү электрондук тейлөө форматына өткөрүү, электрондук патент жана камсыздандыруу полисин алуу, отчётторду бириктирүү сыяктуу кызмат көрсөтүүлөр да өркүндөөдө. Азыркы учурда виртуалдык (программалык) контролдук-кассалык машиналарды, товарларды маркалоону жана башка онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү иштери жүрүп жатат.

Өз ара аракеттенүүнүн жаңы онлайн инструменттери салык төлөөчүлөр салык кызматына барбастан, милдеттенмелерин аткарууга багытталган, мында кызматкер менен түздөн-түз байланышты болушунча кыскартат жана убакытты да үнөмдөйт. Салыктык кызмат көрсөтүүлөрдү үйдөн же кеңседен чыкпай пайдалануу, салык төлөөдө тейлөө кызматтары үчүн акча коротпоо, салык отчёттуулугун онлайн тапшыруу бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөрдү тейлөөдө жаңы трендге айланды.

Салык кызматынын адистеринин айтымында, салык төлөөчүлөр башынан эле жаңы долбоорлорго өтө кызыкдар экенин көрсөтүшкөн жана аларды ишке ашыруунун жүрүшүндө көптөгөн сунуштарын беришкен, аларды эске алуу менен электрондук сервистер ыкчам толукталып иштелип чыкты жана өркүндөтүлдү.

Биз эксперттердин жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүгө фискалдаштыруу долбоорунун таасири, жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда аныкталып жаткан оң жактары жана кемчиликтери, ошондой эле киргизилип жаткан жаңы киргизүүлөрдү оптимизациялоо жана өркүндөтүү боюнча пикирлерин сунуштайбыз.

Гульнара Ускенбаева, Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти:

– Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу, айрыкча 2020-жылды жана пандемия туу чокусуна жеткенин эске алганда, жалпысынан ата мекендик бизнеске оң таасирин тийгизди деп эсептейм. Салык кызматы менен өз ара аракеттенүүнүн айрым түрлөрү санариптик мейкиндикке өткөндүгү, албетте, административдик маселелерди чечүүгө жардам берди. Мен фискалдаштырууну тренд катары баалайм. Ошол эле учурда, долбоорлоо баскычында, менин оюмча Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөө боюнча жетиштүү талдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Ушундан улам, фискалдаштыруу механизмдерин киргизүүдө техникалык мүчүлүштүктөр (оройлуктар) болуп келген жана бар. Эксплуатациялоонун жүрүшүндө бул маселелер чечилди, бирок биз ар дайым өзүзүбүзгө алгач көйгөйлөрдү жаратып, андан кийин аларды жеңип келгендейбиз. Ооба, Салык кызматы ыкчам чара көрөт, бирок, менимче, белгилүү бир кыйынчылыктардын алдын алууга болоор эле. Долбоорлорду оптималдаштыруу боюнча менин негизги сунушум – ой жүгүртүүнү жаңылоо керек. Себеби, менин оюмча, Салык кызматы санариптик өз ара аракеттенүүнү кагаздагы өз ара аракеттенүүнүн аналогу катары кабыл алат. Салык кызматынан маалымат алуу үчүн суроо-талапты эки же үч сыйрадан кайталаган учур болот. Бул маселе чечилет. Автоматташтыруу салык төлөөчүлөрдүн жашоосун жеңилдетиши керек. Менин кыялым – фискалдаштыруу жана санариптештирүүдөн ак ниет бизнестин утушта болушу.

Татьяна КИМ, Салык консультанттары палатасынын төрайымы:

– Мамлекетибизде фискалдаштыруу инструменттери жаңыдан киргизиле баштады, ага алгачкы кадамдар гана жасалды. Фискалдаштырууну реалдуу жүзөгө ашыргандан кийин анын реалдуу пайдасы көрүнөт: бюджет үчүн – экономиканын көмүскө бөлүгүн кыскартуу аркылуу кирешелердин көбөйүшү, ишкерлер үчүн – салык көзөмөлүнүн виртуалдык тегиздикке өтүшү. Жаңы колдонмолорду киргизүүгө байланыштуу ишкерлер көйгөйлөргө туш болуп жатышты жана дагы деле туш болот. Кээде маселелер тез эле чечилет, кээде бир нече ай талап кылынат. Бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөрдүн көптөгөн категориялары электрондук эсеп-фактураларын тариздеп жатышат, айрым тастыктамаларды Salyk.kg "салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу салык органына келбестен алууга болот. Бардык фискалдык колдонмолор толук кандуу ишке киргизилгенден кийин жана алардын кынтыксыз иштешин камсыз кылгандан кийин гана чоң артыкчылыктарга жетүүгө болот. Ишке ашырылып жаткан долбоорлорду оптималдаштыруу үчүн Салык кызматынын маалымат тутуму үчүн да, мисалы, виртуалдык ККМ үчүн да шайкеш программалык камсыздоону тез жана сапаттуу аяктоо керек. Бирок бул жолдо, тилекке каршы, көптөгөн объективдүү тоскоолдуктар бар. Биринчиден, бухгалтердик эсеп жана салыктык эсепке алуу чөйрөсүндө квалификациялуу адистердин командасын, IT-адистерин тартуу үчүн каржылоо керек. Салык төлөөчүлөрдүн көпчүлүгү техникалык тапшырмалардын долбоорлорунун экспертизасына акысыз катышууга макул болушмак.

Канат Эшатов, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы:

– Менин көз карашымда, салык жаатын санариптештирүү абдан керек. Бул боюнча биз Экономика министрлигинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү болуу менен анын демилгечилеринин бири катары чыкканбыз жана долбоорду киргизүүгө жетишкенбиз, себеби мунун пайдалуу жактары өтө көп. Мисалга, аткезчиликтен толугу менен арылуу. Коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алып карасак, ошол эле тажиктерде, биринчи айда эле салыктык түшүүлөр 40% жогорулаган, ал эми биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча алардын мунайзаттар рыногундагы салыктык түшүүлөр 70%ды түзгөн. Эгерде жалаң нефтетрейдерлер тууралуу айта турган болсок, анда Салык кызматынын жаңы долбоорлору биздин тармакты өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзүп, жакшы багыт бериши керек эле. Бирок, биринчиден, жаңы тутумду киргизүүнү кийинкиге калтыруусу үчүн жабдуулардын баасынын кымбаттыгын шылтоо кылуу менен контролду жана так эсепке алууну каалабагандар да болду. Ал эми пандемия күчөп баштагандан бери бул жаңы долбоорлор биздин тармакта кандай таасир бергени тууралуу конкреттүү маалыматтарды ала албай келебиз. Мындан тышкары, автоматташтырылган башкаруу системасы киргизиле элек май куюучу станциялардын дагы 10% калган. Эгерде жаңы система бардык май куюучу станцияларда иштеп турганда, биз бул жаңы системанын ишин кененирээк масштабда баалоого мүмкүндүк алмакпыз.

Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы:

– Санариптештирүү шаймандарын киргизүү ар кандай маселелер жана аларды андан ары ыкчам чечүү менен коштолду. Айрыкча электрондук эсеп-фактуралары (ЭЭФ) боюнча көп суроолор болду. Биз, ак ниеттүү бизнес-коомчулугу, идеянын өзү жакшы экендигин, фискалдаштыруунун жардамы менен бизнести көмүскөдөн чыгарып, бюрократия менен күрөшүүгө болот деп түшүндүк. Идеяны ишке ашыруу ири компаниялар жана соода түйүндөрү үчүн бир аз кыйынчылыктарды жаратты, бирок кийинчерээк жүктөмөлөрдү топтомдуу түрдө жүктөөгө мүмкүн болду. Чакан жана орто бизнес жөнүндө айта турган болсок, көпчүлүгү жабдуулардын – мисалы, ККМдин кымбаттыгына мурун туш болкан. Бирок, менин билишимче, Салык кызматы виртуалдык ККМ-онлайнды киргизүүнү баштады, ал бардык бизнес өкүлдөрүнө жеткиликтүү болот жана баасы азыркы ККМга караганда арзаныраак болот. Эгерде фискалдаштыруу долбоорлорун жетиштүү деңгээлде аягына чыгарса, анда бул ата мекендик ишкердиктин өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Ошондой эле, салык кызматы менен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүдө мамлекеттик мекемелерди бириктирген жана тастыктамаларды электрондук форматка которгон «Түндүк» тутуму олуттуу жардам көрсөттү. Мындан тышкары электрондук патенттин киргизилиши салык кызматын оптималдаштырууда маанилүү ролду ойноду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан