Бүгүн, 28-майда мандатын тапшырганы белгилүү болгон Исхак Пирматовдун мандатын мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев алды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлашты.
Нурбек Мурашев айыл чарба министри болуп 2016-жылдан 2019-жылга чейин иштеген. Мындан тышкары 2015-жылы "Бир-Бол" партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышкан.