Депутат Тазабек Икрамов депутаттардын камакка алынышы боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Элдин арасында мыйзамдуулук боюнча көп нааразычылыктар болуп жатат. Жаңы Конституциясында жазылгандай, эл өкүлү депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлерине же Жогорку Кеңештеги добуш бергени боюнча куугунтукталбашы керек. Депутат кылмыш иш үстүндө кармалганда гана жоопко тартса болот. Мыйзам бузуулар болуп жатат. Ким жооп берет? Мандаты бар депутаттарды кармаган орган дагы жооп бериши керек. Алардын түшүндүрмө бериши зарыл. Мыйзамды сыйлабай, мыйзамды бузушту", - дейт Икрамов.