Министр Кайрат Иманалиев ТИКАнын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү менен жолукту

1-июнь күнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Кыргыз өлкөсүндөгү (ТИКА) программасынын координатору Осман Уста менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.
Жолугушуу учурунда министр Түркия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда байыртан жылуу жана бир туугандык мамилелер бекемделгенин, анын аркасында маданият жаатында маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи.
Өз кезегинде Осман Уста кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, ТИКАнын 2021-жылга чейин жүргүзүлүп жаткан иштери менен бөлүшүп, төмөндөгүдөй жагдайларды белгиледи:
Алар:
- А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасындагы Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борборунда китеп фондусунун коопсуздук тутумун түзүү жана санариптештирүү иштери;
- Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын фондундагы кыргыз кинолорун санарипке өткөрүү;
- Кыргыз элинин ассамблеясынын Ош филиалынын жыйындар залын оңдоп-түзөө;
- Ысык-Көл облусунун түштүк жээгине Махмуд Кашкари атындагы билим берүү жана маданий борборун куруу маселелерине токтолду.
Ал эми министр азыркы жаштар үчүн Махмуд Кашгаринин чыгармаларын түбөлүккө калтыруу маанилүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап борбордун курулушу жана ачылышы жалпы калктын билимине жана маданиятына өбөлгө болот деп баса белгиледи.
Махмуд Кашгари билим берүү жана маданий борборун куруу боюнча талкуудан соң тараптар Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, ТИКА кеңсеси менен биргеликте борборду курууга мүмкүн болгон аймактарга барып, жеринен талкуулоо боюнча макулдашылды.
Ошол эле учурда программанын координатору борборду келечекте натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз өлкөсүнө келген туристтер, жергиликтүү тургундар жана меймандар үчүн жогорку деңгээлде болушу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгы айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген долбоорлорду мындан ары өркүндөтүүгө даяр экендиктерин билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташуунун кийинки этабына бет алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан