Акылбек Жапаровдун мандаты Арысланбек Акбаровго берилди

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун депутаттык мандаты "Бир Бол" партиясындагы Арысланбек Акбаровго берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

"БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатына байланыштуу, "Бир Бол" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги Акбаров Арысланбек Акбаровичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды. "Кыргыз Республикасынын БШКнын жарлыгы менен Акбаров Арысланбек Акбарович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп кечээ, 1-июнда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан