Депутаттар Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын жумушка чыкпай жатканы боюнча мэрден маалымат угууну сунуштап жатышат

Депутаттар Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын жумушка чыкпай жатканы боюнча мэрден маалымат угууну сунуштап жатышат.

Депутат Кожобек Рыспаев Бишкек шаарынын мэрин чакырып, маалымат угуу керектигин айтты.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев мэрди эле эмес, жалпы өкмөттү чакыруу шарт экенин белгиледи.

"Бул жерде маселени жалгыз мэр чечпейт. Өкмөт менен биргеликте чечиле турган маселе", - деди Маматалиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сунуштар күн тартипке коюларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан