Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева күбө катары сурак берди

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева күбө катары сурак берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда SUPER.KG порталына тастыктады.

"Бүгүн Аскер прокуратурасы чакырган экен. "Кумтөр" маселеси боюнча бир эле суроо берилди. 2012-жылы түзүлгөн, Садыр Жапаров жетектеген Жогорку Кеңештин "Кумтөр" боюнча комиссиянын токтом долбооруна эмнеге "макул" деп добуш бергеним боюнча суроо беришти. Депутат өзүнүн айткан сөздөрү үчүн, добуш бергени үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. 120 депутаттан 34 депутат комиссиянын токтом долбооруна "макул" деп добуш берген. Бул токтом долбоору мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөнү үчүн мен "макул" деп добуш бергем", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан