Президенттик администрация: "Садыр Жапаровдун атын жамынып алып, мамлекеттик мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатат"

"Акыркы учурларда президент Садыр Жапаровдун атын жамынып алып, анын жакындарыбыз, кеңешчилерибиз же жардамчыларыбыз деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатат", - деп президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекет башчысы буга чейин эле мындай адамдар, керек болсо алар анын туугандары болсо дагы токтоосуз кармалышы керек деп билдиргендигин белгилейбиз.

Ошондуктан президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан