Садыр Жапаров сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрөт

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Жыйында кеңештин алдында турган милдеттер каралып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланат.

Кеңеш жогоруда аталган иштердин негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, бул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат. Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Кеңешти өлкө башчысы жетектейт.

Кеңештин мүчөлөрү:

  • Улукбек Кармышаков — Кыргыз өлкөсүнүн президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • Курманкул Зулушев — Кыргыз өлкөсүнүн башкы прокурору;
  • Нургүл Бакирова — Кыргыз өлкөсүнүн жогорку сотунун төрайымы;
  • Замирбек Базарбеков — Кыргыз өлкөсүнүн жогорку сотунун судьясы;
  • Чынара Садырова — Кыргыз өлкөсүнүн судьялар кеңешинин төрайымы;
  • Акылбек Жапаров — Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри;
  • Канат Керезбеков — Кыргыз өлкөсүнүн жогорку кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин төрагасы;
  • Наталья Никитенко — Кыргыз өлкөсүнүн жогорку кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы;
  • Эмил Токтошев — Кыргыз өлкөсүнүн жогорку кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы;
  • Улан Ниязбеков — Кыргыз өлкөсүнүн ички иштер министри;
  • Асел Чынбаева — Кыргыз өлкөсүнүн юстиция министри;
  • Камчыбек Ташиев — Кыргыз өлкөсүнүн улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Билим Райымкулов — Кыргыз өлкөсүнүн адвокаттар кеңешинин төрагасы;
  • Автандил Арабаев - Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору;
  • Медербек Сатыев — президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Чолпон Жакупова — "Адилет" укуктук клиникасынын директору.

Белгилей кетсек, аталган кеңеш президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан