Бүгүн, 7-июнда парламенттин комитетинде Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Айбек Осмонов Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду түзүлүп, иштеп баштаса Кыргыз тарапка кандай жагынан пайда алып келерин сурады.
Экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов көп экспортко иштейбиз деген ишкерлерге жардам болорун айтты.
Депутат: "Биз мамиле түзүшүбүз керек. Ишкерлердин экспорт кыла турган товарлары бар. Бул мыйзам долбоорунун кемчилиги бар экен. Карап кийинки окууларда оңдоп чыксак", - деди.