Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси кызматына Кайрат Осмоналиевдин талапкерлиги каралып жатат.
Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев 2010-2016-жылдары Осмоналиев Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиянын проректору болуп иштегенин айтты. "Ал англис тилинде эркин сүйлөйт. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекети менен Азербайжандын ортосунда экономикалык, саясий жана башка багыттарды өркүндөтүү маселелери бар. Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин колдоону суранабыз", - деди ал.
Кайрат Осмоналиев учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп иштейт.