Ош шаардык кеңешке кайра шайлоого катышуу үчүн 7 партия билдирүү берди

Ош шаардык кеңешке кайра шайлоого катышуу үчүн 7 партия билдирүү берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушбак Ниязбековго байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымында, азырынча эч бир партия шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшыра элек. Жөн гана билдирүүлөрдү беришти. Документтер 13-июнга чейин тапшырылышы керектигин кошумчалады.

Билдирүү берген партиялар:

  1. "Ынтымак" партиясы;
  2. "Улуу-Журт" партиясы;
  3. "Бир Бол" партиясы;
  4. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы;
  5. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы;
  6. "Улуттар биримдиги" партиясы;
  7. "Биздин Кыргызстан" партиясы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан