УКМК тарабынан "Кумтөр" иши боюнча мурдагы жогорку кызмат адамдарын кармоо улантылууда. Бүгүн, 9-июнда аталган мекеме тарабынан "Кумтөр" ишине шектүү делинген билдирүү экс-депутат Динара Молдошевага жиберилди. Бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен ага чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.
"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылууда.