Товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү. Садыр Жапаров Түркияга болгон иш сапарында эмнелерге токтолду?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда Анкара шаарында Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынында эки өлкө ортосундагы соода-экономика жаатындагы кызматташтыкка кеңири токтолду.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жыйындары - эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелер үчүн маанилүү платформа жана активдештирүү механизми. Бул багытта 2021-жылдын 8-9-июлунда Чолпон-Ата шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 10-жыйыны болот. Анын алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлөт.

Президент эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү менен кызматташууну дагы күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы өз ара аракеттенүүнүн жана байланыштарды диверсификациялоонун жаңы алгылыктуу формаларын издөө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерге түрткү берерине бекем ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Президент түркиялык инвесторлор үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүлөрүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү жеңилдиктер берилерин баса белгиледи.

Андан ары мамлекет башчысы эки өлкөнүн экономикалык байланышынын негизи катары транспорттук-логистикалык тармактагы кызматташууга токтолду.

Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы аба каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарандык авиация уюмдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын айтты. Түркиянын авиакомпанияларын Бишкек шаарындагы эл аралык "Манас" аэропортун Азиядагы транспорттук-логистикалык борбор катары колдонууга чакырды. Бул долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген режимге кепилдик берилет.

Садыр Жапаров мындан ары эки өлкөнүн жарандарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн алардын ишке орношуусун жөнөкөйлөштүрүү боюнча кадамдарды карап чыгуу максатка ылайыктуу болорун белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын багыттарына кеңири токтолду. Ал кыргыз-түрк дипломатиялык катнаштарына быйыл 30 жыл толорун эске салды. Буга байланыштуу президент 2021-2022-жылдары Кыргыз жана түрк маданият күндөрүн өткөрүү зарылдыгын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы жемиштүү кызматташтыкты жана ошондой эле эки мамлекетти теӊ эл аралык стандарттарга жооп берген, жогорку сапаттуу адистер менен камсыз кылып келе жаткан биргелешкен долбоорлорду өзгөчө белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан