Вице-спикер: "Өткөн аптада депутаттардын кармалышы Баш мыйзамга каршы келет"

Вице-спикер Аида Касымалиева өткөн аптада депутаттардын кармалышы Баш мыйзамга каршы келерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттардын кармоо боюнча Баш мыйзам бузулган. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурда кармалбаса, мындайда көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен кармалышы керек. Бул боюнча протоколдук тапшырма тийиштүү комитеттерге берилди. Депутаттардын кол тийбестиги боюнча мыйзам сакталышы керек. Ошондуктан кармоо, СИЗОдо кармоо мыйзамсыз. Мындай учурда депутаттар үй камагында болушу керек болчу. Бул боюнча Жогорку Кеңеш, тийиштүү комитет жообун бериши зарыл. Муну биз талап кылабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан