Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевди сындады.
Депутат "Коопсуз шаарда" Бишкек шаарынын мэриясынын миссиясы эмнеде?" деп сурады.
Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев: "Биздин негизги миссиябыз жол чийиндерин чийип беребиз, мамыларга коюуга уруксат беребиз. Ижара акысы бизге төлөнөт. Жалпысынан айып пулдан түшкөн каражаттын 25 пайызы мэриянын бюджетине түшөт", - деди.
Жээнчороев: "Канча чарчы, орун берилди. Ижарага канчадан берилди", - деп сурады.
Ырсалиев "Вега" компаниясына 38 даана берилгенин айтты.
Депутат: "Мен мэриядан так маалымат алгам, сизде маалымат жок экен, даярданып келишиңер керек болчу. Бул Фейсбукта ар нерсе жазуу эмес да. Туура эмес иштерди көрсөтүү үчүн сизди чакырып, бир ай күттүм, келген жоксуз. Фейсбуктан бошобой койдуңуз. Өзүңүздүн жумушуңузга жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыз", - деди.