"Мени ар бир мигранттын тагдыры тынчсыздандырат". Президент Түркиядагы мекендештер менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Түркиянын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолукту. Мамлекет башчы Түркияда жашап жана иштеп жаткан мекендештер менен жолугушуп, алардын жашоо-турмушунан кабар алып жатканына кубанычта экендигин белгиледи.

"Бул залга Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө жана мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабагандар чогулду деп ойлойм. Мен сиздер менен ачык-айкын сүйлөшкүм келет, мен билбеген маалымат менен бөлүшсөңүздөр. Мени ар бир мигрант-мекендештин тагдыры тынчсыздандырат, биз алардын көйгөйлөрүн чечишибиз керек", - деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргыз мамлекетинин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө документтерди каттоо боюнча консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 80 пайызга чейин төмөндөтүлгөндүгүн, өлкөгө кайтып келүү жөнүндө маалымкатты каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, дароо берилерин, ал эми буга чейин болсо аталган иш үчүн 3 күндөн ашык убакыт талап кылынып келгендигин белгиледи. Чет мамлекеттердеги жарандар Кыргыз мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинин Анталияда башкы консулдугун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Кыргыз жарандары көп жашаган райондордо дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштер улантылат.

"Чет мамлекеттин жарандыгын алган мекендештердин укуктук макамын жөнгө салууга, алардын кайтып келүүсүнө, жашоосуна, билим алуусуна жана медициналык тейлөөсүнө шарт түзүүгө, ошондой эле Кыргыз жарандыгын кайрадан алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат".

Ошондой эле Садыр Жапаров Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялары Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилгендигин, бул эмгек мигранттарынын бир катар маселелерин ыкчам чечүүгө жардам берерин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан