Президент Түркиядагы мекендештерди колдоодогу артыкчылыктар тууралуу айтып берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Анкара шаарында Кыргыз жарандары менен болгон жолугушууда чет жердеги мекендештерди колдоо чаралары жана Түркияда мекендештердин жүрүүсүн жеңилдетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Мамлекет башчы учурда Түркияда 30 миңден ашуун Кыргыз жараны жашай тургандыгын, анын жарым миңден ашууну студенттер экендигин белгиледи.

Түркияда кыргыздарга карата төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

— Кыргыз жарандары үчүн Түркияда иштөөгө уруксат берүүнүн эрежелери жана анын наркы кайра каралып, иштөөгө уруксат алуу үчүн арыз ээсинин эсебинен төлөм жокко чыгарылды. Учурда уруксатты Түркиядагы жумуш берүүчү төлөйт. Түркияда иштөө үчүн документтердин пакетинин жалпы наркы эми 80 долларды түзөт. Мурунку наркы болсо 283 доллар болгон.

— Визасыз режимде иштегендер Түркиядан чыгып, кайра кирем деп тынчсызданбастан, Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыра алышат. Бул үчүн алар түркиялык иш берүүчүдөн маалымкат алышы керек, андан соң Түркияда иштөөгө уруксат берилет. Эгер өлкөдө болуу мөөнөтү бүтсө, ага айып пул салынат.

— 2020-жылдын 1-ноябрында эки өлкөнүн ортосундагы административдик макулдашуу күчүнө кирген. Ага ылайык, эки республиканын жарандарынын социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу жаатында бирдей укуктарын белгилөө каралган.

— Ошентип 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз жарандары Түркиянын тиешелүү органдарына өздөрүнүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсия алуу үчүн кайрыла алышат. Эң башкысы жумуш берүүчүлөр менен расмий түрдө эмгек келишимдерин түзүү керек.

Мамлекет башчысы өткөн жылы пандемия учурунда мекенине колдоо көрсөткөн, ошондой эле Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялардан жабыркаган калктуу конуштарды калыбына келтирүүгө салым кошкон мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров жакынкы жылдары түрдүү тармактарда өлкөнүн социалдык-экономикалык ырааттуу өнүгүүсүн камсыздоо, анын ичинде мекенинде иштөөгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча болушунча чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мекендештерине чың ден соолук, өсүп-өнүгүү, ал эми үйүнөн алыс жүргөн ар бир Кыргыз жаранынын үй-бүлөсүнө бакубатчылык каалады.

Андан соң жолугушуу "суроо-жооп" форматында улантылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан