Экономика министри: "Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү милдети коюлду"

"Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын президенттери тарабынан соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча конкреттүү милдет коюлду". Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып белгиледи.

Анализдердин натыйжалары боюнча өткөн жылы пандемияга карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 507 миллион долларды түзгөн.

"Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселесин караштыруу зарылдыгы жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алынды. Азыр уставдык капиталдын суммасы жана акча каражаттары кайда жумшалары боюнча конкреттүү долбоор иштелип чыгууда", - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары министр Түркия менен Кыргыз жергесинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын өткөрүү күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал жакынкы аралыкта мамлекеттер ортосунда өз ара аракеттенүү корпусун түзүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын кароосуна сунуш киргизилерин белгиледи.

"Мындай тажрыйба Өзбекстанда бар. Биз дал ушундай багытта иштөөнү чечтик. Эми мен ай сайын онлайн режиминде жолугушуу өткөрүп, мамлекет башчыларынын тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөп турам. 1 миллиард долларлык соода жүгүртүүгө жетишүү үчүн бир, эки жыл талап кылынат деп ойлойм", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан