Вице-спикер Касымалиева Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу Ташкент шаарында өткөн “Борбор Азиянын жана Ооганстандын туруктуу өнүгүшү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аталышындагы эл аралык бизнес форумдун алкагында уюштурулду.

Тараптар бир катар маселелерди талкуулап, пикир алышты.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын өз ара байланышы, парламенттер аралык кызматташтык жылдан-жылга жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле “Борбор Азиянын жана Ооганстандын туруктуу өнүгүшү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аталышындагы эл аралык бизнес форумдун жогорку деңгээлде өтүп жатканына токтолгон Аида Касымалиева: “Биз эки өлкөдөгү ишкерчилик менен алектенген аялдардын байланышын бекемдеп, алакасын арттыруу үчүн керектүү шарттарды түзүүгө бардык күчүбүздү жумшашыбыз зарыл”, – деди.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Танзила Нарбаеваны быйыл Кыргыз мамлекетинде өтөрү мерчемделген “Борбор Азия аялдарынын лигасы” аталышындагы форумга катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын кызматташтыгы достук мамиледе ырааттуу өнүгүп жатканын кошумчалап, ушул жылы Кыргыз өлкөсүнө расмий сапары мерчемделгенин маалымдады.

Муну менен катар Танзила Нарбаева кыргыз тарапты үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүүчү Өзбекстандын президенттик шайлоого байкоочу катары катышып кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан