Садыр Жапаров Эбрахим Раисини Ирандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Эбрахим Раисини Ирандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсү менен Ирандын мамилелери ар дайым өз ара колдоого жана ишенимге негизделип келген. Биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин эки жана көп тараптуу негизде өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт деп терең ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Эбрахим Раисиге бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Иран элине бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан