Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы. Аны утурлай өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан президенттин куттуктоосун жарыялады.

"Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктайм!

Быйыл өлкөбүз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдайт. Ушул жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана элдин бакубат жашоосуна маанилүү салым кошту.

Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарда тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматчылар, кесипкөй адамдар эмгектенип, жаш жана келечектүү кадрлар өсүп келе жатканы кубандырат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системинин бардык кызматчыларына мамлекеттин чоң көңүл буруп турганы өтө маанилүү. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Сиздер көтөргөн демилгелердин, аткарып жаткан иштериңиздердин аркасында мамлекетибиз өнүккөн, гүлдөгөн өлкөгө айланат деген зор ишеним бар.

Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, жооптуу ишиңиздерге, эңсеген ой-максаттарыңыздарды жүзөгө ашырууда ийгилик, ыйык өлкөбүзгө тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан