Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайра алыш үчүн сотко кайрылды

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз жазды. Ал депутаттык мандатты кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум 25-июнь күнү саат 15:00дө болот.

Буга чейин Жогорку Сот депутат Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. БШК бул чечимди аткарган. Текебаевдин Жогорку Кеңештеги ордун "Ата Мекен" фракциясынын лидери болгон Шерали Абдылдаев ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан