Депутат Мурадыл Мадеминов жыл башынан бери "Эркеч-Там" жана "Торугарттан" канча унаа киргенине кызыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында сурады.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун айтымында, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 1 миң 362 жүк ташуучу унаа "Торугарт" өткөрмөсүнөн, "Эркеч-Тамдан" 2 миң 632 жүк ташуучу унаа кирди.
"Жыл башында өзүңүздөр билгендей, 2-4төн 10го чейин унаа бирдиги өткөн. Азыркы учурда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу "Торугарттан" 30-35 унаа өтсө, "Эркеч-Там" аркылуу дагы ошондой көрсөткүчтөр болду", - деди ал.
Депутат: "Райымбек Матраимовдун убагында канча унаа кирчү, азыр канча унаа кирип жатат?" деп сурады.
Самат Исабеков: "Ал убакта "Торугарттан" бир күндө 70-100 унаа кирчү. Ошондой эле көлөм "Эркеч-Тамдан" өтчү. Азыр айырмачылыкты көрүп жатасыңар, 70 пайызга төмөндөп кетти", - дейт.
Депутат: "Демек, Райымбек Матраимов жакшы менеджер экен да?" деди.
Исабеков: "Балким, туура айтасыз" деди.
"Райымбек Матраимов кетти. Анын акылын колдонсоңор болот эле да" дейт депутат.
Самат Исабеков туура нукка колдонсо боло турганын белгиледи.
Депутат эмнеге анын акылын колдонбой жатканын сурады.
Исабеков: "Биринчиден пандемия шарты жол бербей жатат. Ал убакта башкача механизмдер болуптур" деди.