Президент Садыр Жапаров "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" жөнүндө конституциялык Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
"Конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 16-июнунда кабыл алынган. Негизги максат - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктарын жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү. Конституциялык мыйзам Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин укуктук статусун жана принциптерин аныктайт", - деп жазылат маалыматта.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.