Өлкө башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Варзоб аймагында жайгашкан "Бахор" резиденциясында жолукту. Мындай маалымат Тажикстан президентинин расмий сайтына жарыяланды.
"Өлкөнүн резиденциясында мамлекет башчылары кооз жана кайталангыс жаратылыш, таза суулар менен таанышты. Кечки сейилдөөнүн максаты - өлкөбүздүн кооз жана уникалдуу бурчтарын тааныштыруу", - деп жазылат билдирүүдө.
Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга кечээ, 28-июнда барган.