Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.
"Тажикстан менен Кыргыз өлкөсү көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат. Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз", - деп билдирди ал.
Садыр Жапаров президент Эмомали Рахмонго Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн эли үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.
“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын эли илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, - деп баса белгиледи ал.
Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында, тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табарына ишенимин билдирди.