Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 29-июнда өлкө башчы Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Эки өлкөнүн лидерлери Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлганын президенттик администрациядан кабарлашты.

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан