"Мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун убагында колдонулган ыкмалар дагы эле колдонулуп келе жатат", - деп депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Садыр Жапаровду отургузган, азыр Бабановду отургузуп жатат. Ысымдар гана өзгөрүп жатат. Башкы прокурор катары кылмыш ишин козгоп, буйрук берген тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор жазаланган, жазаланбагандыгын текшердиңизби?" - деп сурады Курманкул Зулушевге кайрылды.
Башкы прокурор учурда мурда соттолгон адамдар үчүн актоо өкүмдөрү көп болуп жатат. Айрым учурларда Башкы прокуратура айыптоону өзү алып жатат, анткени айыптоо негизсиз болгон.
"Бизге жарандар өзүнө карата негизсиз айыптоолор болуп, укугу бузулуп, ага карата саясий буйрук болгонун айтып негизсиз соттоду деп кайрылса биз ар дайым кайра кароого даярбыз. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жаран негизсиз соттолгондугу боюнча кайрылган эмес", - деди Зулушев.
"Данияр Нарымбаевди "Кумтөр" маселеси каралып жатканда залда болгон деп кармашыптыр. Алар аны видеодон көрүшкөн. Анда эртең залда отургандардын бардыгы камакка алынабы? " - деп сурады Акаев.
Башкы прокурор Нарымбаев "Кумтөр" иши боюнча козголгонун белгиледи.
"Мен ага карата коюлган айыпты дагы окуган жокмун. Тергөөчү ишти өз алдынча башкарат, андан кийин сот органдары санкция жөнүндө чечим чыгарат. Прокуратурага ал боюнча документтер келе элек. Эгер күнөөсү далилденсе, сот процесси болот. Эгер андай болбосо иш токтотулат", - деп түшүндүрдү Зулушев.