Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга чыгышты

Бүгүн, 30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын жабылуу аземи болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин VIII сессиясы жабык деп жарыялап, депутаттар каникулга чыгышты.

Сессиянын жүрүшүндө 131 мыйзам долбоору, 615 токтом кабыл алынып, премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын жетекчилеринин жылдык отчёттору угулду.

Жалпысынан 13 миң 393 жарандын кайрылуусу каралып, 22 депутаттык комиссия түзүлдү. Депутаттар сентябрь айында ишин улантышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан