Бүгүн, 4-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров АКШ президенти Жо Байденди АКШнын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
"Сизди Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Учурдан пайдаланып сиз АКШнын президенти болуп шайланарыңыз менен визалык чектөөлөрдү алып салганыңыз үчүн сизге терең ыраазычылыгымды билдирем. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп берет деп терең ишенем.
Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү мындан ары да Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн болгон аракетин жумшайт деп ишендиргим келет", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Садыр Жапаров Жо Байденге чың ден соолук, ишине ийгилик, ал эми Америка Кошмо Штаттарынын элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалаган.