Саясатчы Өмүрбек Текебаев: "Орхан Инандынын Түркияга уурдалышы мамлекетке кол салганга тете". АПТАСОБОЛ

Кыргыз жараны Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирди. Кыргыз тарап кандай аракет көрүшү керек?" деген собол салды.

Орхан Инанды Кыргыз өлкөсүнүн жараны жана ал билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкондугун саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

"Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир Кыргыз жараны ошондой кол тийгис болушу керек. Анткени Кыргыз жарандарынан кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли - мамлекеттин негизи. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын бардык бөлүгүндө "Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун коргойт жана Кыргыз жаранын чет элге эч убакта бербейт" деген кепилдик бар.
Түрк атайын кызматтарынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында эркин жүрүп, Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргыз өлкөсүнүн суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет. Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек.
Ошондуктан бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша Кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасашы кажет.
Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, ал аныкталып алардын аракеттерине юридикалык баа берилиши абзел!
Эртең ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек", - деп билдирүү калтырган Текебаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан