Кыргыз жараны Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирди. Кыргыз тарап кандай аракет көрүшү керек?" деген собол салды.
ТЕКЕБАЕВ: "Орхан Инандынын Түркияга уурдалышы мамлекетке кол салганга тете"
Орхан Инанды Кыргыз өлкөсүнүн жараны жана ал билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкондугун саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Орхан Инандынын Түркия тараптан кармалышы Кыргыз мамлекетинин аброюн, Конституциясын, мыйзамдарын тебелегенге барабар деген пикирин айтты.
"Атуулдардын жашоо-турмушунун коопсуздугу боюнча өлкөнүн Конституциясында бекитилген. Орхан Инанды Кыргыз өлкөсүнүн жараны болуп эсептелет. Түрк тарап биздин эгемендүүлүктү көзгө илбей, бизден операция түрүндө Орхан Инандыны уурдап кеткени Кыргыз мамлекетинин аброюн, анын Конституциясын, мыйзамдарын тебелегенге барабар. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисин чакырып, түшүндүрүүнү талап кылуусу керек. Аталган министрлик Түркияга нота жөнөтүшү шарт. Аны кайтарып берүүнү, мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз мамлекетинен кечирим суроону өтүнөм деп кайрылышы керек", - дейт ал.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Тышкы иштер министрлиги Орхан Инандыны кайтарууну талап кылышы керектигин айтты.
"Мындай учурда Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасаш керек. Кыргыз жараны кармалганына байланыштуу аны кайра өткөрүп берүүнү талап кылуу зарыл. Тышкы иштер министрлиги элчиликке кайрылып маалыматтарды тактап берүүнү сурануусу шарт. Аны кайра кайтарып береби бул Кыргыз өлкөсүнүн аракеттерине жараша болот", - дейт ал.
Саясий серепчи Алмаз Тажыбай Орхан Инандыны Кыргыз өлкөсүнө кайтарууга болушунча аракет кылуу керектигин айтты.
"Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси дагы болгон аракеттерин кылышы шарт. Биздин жаранды кармап кетишти. Авторитардык өлкөлөрдүн сотуна ишеним жок. Орхан Инандынын атын биздин жаран катары акташ керек. Ал террорчу эмес. Аны куткарбаса бул бийликтин жүзү болот", - дейт ал.
Саясат таануучу Марс Сариев Орхан Инандынын Түркия тараптан кармалышы Кыргыз мамлекетинин имиджине чоң зыян алып келгенин айтты.
"Тышкы иштер министрлигинен нота жөнөтүлгөндөн кийин көрөлү. Кыргыздын жаранын өлкөдөн Түркия тарап алып кеткени туура эмес. Бул Кыргыз мамлекетинин имиджине чоң зыян алып келди. Нота жиберсе эле Түркия Кыргыз өлкөсүнө Орхан Инандыны берип койбойт", - деди Сариев.