Кыргыз жараны Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.
Буга чейин бийликтен расмий жооп алуу мүмкүн болгон эмес. Коомчулук бийликтен расмий комментарий талап кылган.
Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров "24 kg" маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берди.
Айтымында, Орхан Инандынын жоголгону жөнүндө кабар тараар замат дароо укук коргоо органдарынын башчыларын чогултуп, тез арада аны табуу үчүн бардык күч-аракетти жумшап, чек араларды тыкыр көзөмөлдөп турууну тапшырганын айтты.
"Аны уурдап кетүүгө 2016-жылдан бери үч жолу аракет болгон экен. Үчүнчү аракет кыш мезгилинде болгон, анда УКМКнын кызматкерлери аны сактап калышкан. Бул жөнүндө Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү билген. Андан кийин Камчыбек Кыдыршаевич (Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы) Орхан Инандыны жалгыз жүрбөсүн, ар дайым жан сакчыларынын коштоосунда болуусун эскерткен. Бирок алар буга көңүл бурушкан эмес", - деди Жапаров.
Эми эмне болот? Кыргыз өлкөсү Түркия тарапка талаптарды коёбу? Эгер койсо, кандай талаптар болот? деген журналисттин суроосуна Жапаров төмөндөгүдөй жооп берди.
Албетте, талаптар коюлат! Мен дароо тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге элчини чакыртып, ага нааразычылык нотасын тапшыруусун буйрудум. Нота бүгүн тапшырылды.
Бул маселени биз түрк тарапка көтөрүп чыктык жана Орхан Инандынын кайтарылып берилишин талап кылабыз. Бирок азырынча түрк тараптан расмий жооп боло элек. Алар Орхан Инанды алардын жараны экендигин, анын Түркия жарандыгынан чыкпагандыгын оозеки билдиришкен. Биз Түркиядан расмий жооп күтүшүбүз керек", - деди Жапаров.