Камчыбек Ташиев: "Орхан Инандынын уурдалышы боюнча биздин өлкөдөгү кызматтагы адамдардын тиешеси жок"

Бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берүүдө.

Анда ага журналисттер тарабынан "Орхан Инандынын уурдалышы боюнча депутаттардын биринин байланышы бар экени айтылды. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар" деген суроо берилди.

"Мен антип ойлобойм. Бизде кимдердин тиешеси бар экени боюнча маалымат бар. Бирок биздин өлкөдөгү кызматтагы адамдардын, уюмдардын тиешеси жок", - деди ал.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан