Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта жазылгандай, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы президент 12-июлда "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койгондугуна байланыштуу түзүлгөн.
Өмүр баяны:
Таалатбек Шамудинович Масадыков "Кыргызстан Социалисттик партиясынын" теңтөрагасы, 1961-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылында төрөлгөн.
2017-жылы Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер катары шайлоого катышкан. 2019-жылдан бери Казакстандын Нурсултан шаарындагы "Открытый Мир" божомолдоо борборунда улук серепчи жана иликтөөчү болуп эмгектенип келген. Кыргыз, орус, англис, пушту жана дари тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.