Рыскелди Момбеков: "Жаңыланган жана бириккен бандиттер менен банкирлердин клубу түзүлөт"

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык келерки шайлоодо жаңыланган жана бириккен бандиттер менен банкирлердин клубу түзүлөрүн билдирди.

Бүгүн парламент президент тарабынан демилгеленген шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү кароодо. Анда депутаттар аралаш схема боюнча шайлоо сунушташты: 35 - бир мандаттуу округдардагы мажоритардык система боюнча, 55 - партиялык тизме боюнча.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылып, бул мыйзам иштебей тургандыгын билдирди.

"Азыр бул мыйзамыңарды капка салган шибегедей кылып алып келдиңер. Бул мыйзам боюнча жаштар келбейт. 5-октябрда аянтка чыккандардын баары жаштар болгон. Силер бардыгыңар президентке каршы иштеп жатсаңар керек деп ойлойм. Бул 4-революцияга алып келет. Аталган мыйзам боюнча бай-манаптар келет, дарыгерлер, мугалимдер, жаштар, милиция кызматкерлери өтпөй миллионерлер өтөт. Бул шайлоо эмес, бул бизнесмендердин беттеши. Жыйынтыгында жаңыланган жана бириккен бандиттер менен банкирлердин клубу түзүлөт. 90 депутат болсо болсун, бирок эл ар бир талапкерге добуш берип, преференциялдуу шайлоо системасын киргизиш керек", - деди Момбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова идеалдуу система жок экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан