Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңеште президент тарабынан демилгеленген шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр каралууда. Анда депутат Кенжебек Бокоев аралаш система өтө опурталдуу экенин айтты.
"Мыйзам долбоору өтө кеч келди, октябрда шайлоо болуш керек. Дагы бир жолу "парламенттин огородуна" таштар ыргыйт. Биз бир эле системаны алып кете албай жатабыз, башкача айтканда шайлоолорду жок кылып, революциялар болуп келди. Эми биз эки аралаш системаны алып кетебиз деп жатабыз, бул өтө опурталдуу. Менин сунушум, 90 депутаттын баары партиялык система менен же бир мандаттуу округдардагы мажоритардык система менен кетиши керек", - деди Бокоев.