Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоосунун мындан аркы чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү максатында Конституциянын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
— Кыргыз Республикасынын президентине караштуу санариптештирүү маселелери боюнча Байкоочу кеңеш түзүлсүн;
— Кыргыз Республикасынын президентинин инвестицияларды тартуу маселеси боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси Павел Хрипунов Байкоочу кеңештин катчысы болуп дайындалсын;
— Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети 2021-жылдын 29-июлуна чейинки мөөнөттө Байкоочу кеңештин аткаруучу органы катары долбоордук офисти уюштурсун.