SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылынын тургуну кайрылды. Анда ал Ак-Тал айылынын жайлоосунда эндик чөбүн массалык казуулар болуп жатканын айтты.
"Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын Сары-Ой жайлоосунда эндик чөбүн массалык казып жаткандар көп болуп жатат. Унаалар менен келип группа болуп казып жатышат. Эндиктин тамыры баа болгондуктан көп жылдык мал жеген жайыт чөбүн тукум курут кылып жатышат.
Мыйзамсыз казууну токтотпосок жайыттарыбыз жараксыз болуп калышы мүмкүн", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.